Баткен облусунун башчысынын орун басары: “Депутаттар кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чечүүнү өкмөттөн талап кылышууда”

Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чечүүнү өкмөттөн талап кылышууда. Муну бүгүн, 30-январда парламентте өкмөттүк күнгө катышып жаткан Баткен облусунун башчысынын орун басары Бакир Жолчуев билдирди.

Жыйында көз карандысыз жолдорду куруу, жергиликтүү калкты таза суу жана сугат суу менен камсыздоо маселелери да каралып жатат. Жолчиев жол боюнча былтыр 350 миллион сом бөлүнүп, натыйжа боло баштаганын, Бөжөй – Бел-Сөгөт жана Согмент – Чарбак - Кара-Булак жолдору бүткөнүн айтты.

Айта кетсек, парламентте бүгүн Баткендеги чек ара маселеси жабык эшик артында талкууланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан