Биз социалдык тармакта

Жо Байдендин абалы начарлап кеткени айтылды

АКШнын мурдагы президенти Жо Байден метастаздуу рак оорусуна каршы дарыланып жатканын жана ден соолугу кыйла начарлап кеткенин The Washington Post басылмасы анын айланасындагы адамдарга таянып жазды.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын октябрь айында Байден простата безинин рагына байланыштуу нур терапиясы жана гормоналдык дарылоо курсунан өткөн.

Басылманын билдиришинче, Ак үйдөн кеткенине 18 ай болгон 83 жаштагы Байден учурда негизинен үй-бүлөсү, жакын достору жана көп жылдан берки жардамчыларынын курчоосунда жашап, дарыланууга басым жасоодо. Дарылоо оң натыйжа берип жатканы айтылганы менен, оорунун өзү жана анын кесепеттери Байденди кыйла алсыратып койгону белгиленет.

Ошондой эле анын күнүмдүк жашоосу азыр көбүнчө дарылануу, үй-бүлөсү менен убакыт өткөрүү жана саясий мурасын калыптандыруу аракеттеринин айланасында өтүп жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан