Чыныбай Турсунбеков: “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө керек”

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңеште республиканын чек ара аймактарынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө өкмөттүн маалыматы талкууланып жатат. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады.

 Анда КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков "Баткен облусунун Максат, Ак-Сай, Көк-Таш, Таш-Тумшук, Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарынын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл" деп билдирди.

 Анын айтымында, аталган айылдарда таза суу, унаа жолу боюнча  маселелер башкы көйгөй. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө зарыл. Ошондой эле чек арага жакын райондордогу калктын жана мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу абзел",- деди Турсунбеков.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан