Аксыда кар көчкүдөн каза болгон 5 адамдын үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон берилди

Аксы районунда көчкү алдында калып каза болгон 5 адамдын үй-бүлөсүнө өлкө башчысынын резервдик фондунан 50 миң сомдон бөлүндү. Бул туурасында президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Эске сала кетсек, Кашка-Суу айыл аймагында 27-январда Жайык айылынын 5 тургуну ат менен мал издегени чыгып, дайынсыз жоголгон болчу. Алардын изи айылдан 25-30 чакырым алыстыкта жайгашкан Тас-Бел жайлоосуна келип токтогон. Аларды 29-январь күнү кар көчкүнүн алдынан таап чыгышкан.

Кырсыктан каза тапкандар:

1. Айталиев Таалай Тургунбекович, 1975-жылы туулган;

2. Шатманов Мирлан Мамадалиевич, 1977-жылы туулган;

3. Кокоев Эрнис Жанышбекович, 1978-жылы туулган;

4. Шерматов Мирлан Эрматович, 1981-жылы туулган;

5. Апсалбек уулу Мунарбек, 1993-жылы туулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан