Бишкекте бүгүн, 30-январда вице-премьер-министр Токон Мамытов тажикстандык кесиптеши Муродали Алимардон менен эки өлкөнүн чек ара маселесин талкуулап жатат. Муну өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, бул жолугушуу тажик тараптын демилгеси менен уюштурулду. Сүйлөшүү азырынча аяктай элек.