Бишкек – Балыкчы багытындагы жүргүнчү поездинин таш бараңга алынышы боюнча иликтөө иши башталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуянын бардык жагдайларын жана ага катышкандарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.