Белгисиз адамдар Бишкек – Балыкчы багытындагы жүргүнчү поездин таш бараңга алышты. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады.
Маалымдалгандай, окуя кечээ, 27-июлда саат 22:54 чамасында Чүйдүн Новопокровка айылы тушта болгон. Анда белгисиз адамдар жүрүп бараткан поездди эки тарабынан атайылап таш менен ургулашкан.
Бул жорук жүргүнчүлөрдүн жана поезд бригадасынын кызматкерлеринин ден соолугуна коркунуч жараткан. Таштардын бири вагондун терезесинин айнегин сындырып, вагондун ичине кирген. Окуянын кесепетинен бир нече вагондун терезелери жабыркаган.
Бул факт боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Айта кетсек, өлкөдө мындай окуя биринчи катталып жаткан жок. Буга чейин да жүргүнчү ташыган поезд бейбаштар тарабынан
таш бараңга 2 жолу
алынган.