Ош шаарындагы мэр шайлоодон кийин 19 кызматкер өз каалоосу иштен бошотулду. Бул тууралуу 30-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын ичинен:
– 2 вице-мэр;
– мэриянын аппаратынын жетекчиси;
– катчы;
– мэрдин жардамчысы;
– бөлүмдөрдүн үч башчысы;
– коомчулук менен байланышуу боюнча башкармалыгынын башчысы;
– тышкы экономикалык мамилелер жана инвестицияларды тартуу боюнча комитетинин башчысы;
– адам ташуучу транспорт агенттигинин башчысы;
– турак жай жана жер тилке маселелери боюнча департаментинин башчысы;
– “Ош шамы” шаардык гезитинин башкы редактору жана башкалар.
Эске салсак, 15-январдагы мэр шайлоодо Айтмамат Кадырбаев 25, Мелис Мырзакматов 19 добушка ээ болгон.