Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов кайрадан журналисттерди сынга алды.
Ал журналисттерге кесиптик этиканы карманбайт деген айыптоо койду.
"Кыргызстанда журналисттер деле калган жок. Ашып кетсе беш-алтоо эле бар. Хайптын артынан көп кууган, көп көрүү топтоо үчүн бир ызы-чууну жаза турган болдуңар",- деди ал видеокайрылуусунда.
Кокулов ошондой эле өзү журналистикада жүргөндө так иштегенин белгиледи.
Эске салсак, Эрулан Кокулов 18-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында журналисттердин ишмердүүлүгүн сындаган.