Маалыматка таянсак, жыйынга КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Алар каралып жаткан маселе боюнча маалымат берүү менен бирге, депутаттардын суроолоруна жооп берди.
“Талкуу жыйынтыгында республиканын чек ара аймактарынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө маселе боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору жыйын жүрүшүндө айтылган пикирлер менен берилген сунуштарды эске алуу менен кайра иштеп чыгуу үчүн парламенттин тармактык комитетине жөнөтүлдү”,- деп басма сөз кызматы кабарлады.