Жогорку Кеңеш “Кумтөр” боюнча өкмөт сунуштаган жаңы меморандумду колдобой койсо, Кыргызстан утулууга кадам таштайт. Муну бүгүн, 30-январда телеканалдардын бириндеги түз эфирде вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Айтымында, жаңы меморандум мурункуларга салыштырмалуу мыкты.
“Бул меморандумдун артыкчылыгы – биргелешип түзүлгөн жаңы ишкана Кыргызстанда каттоодон өтүп, кыргыз мыйзамдары менен иштейт. Үлүш 50х50 пайыз деп айтылып жатканы менен иш жүзүндө 70 пайыздан ашып кетет. Жөнөкөй мисал: Ишкана 100 сом тапса, салыкка 14 сом, соцфондго 4 сом төлөйт. Анан калган пайданы 50х50 пайызга бөлөлү деп жатабыз. Жаңы түзүлгөн ишкана башталышы гана, бара-бара үлүшүбүздү көбөйтүүгө жол ачылат”,- дейт Сарпашев.
Вице-премьер-министр мурунку 2 келишимдин айынан үлүштү 50 пайыздан ашыруу мүмкүн болбогонун кошумчалады.
“Өкмөт болгон аракетин жумшады. Кыргызстандын жараны катары мен деле үлүшүбүздү 100 пайыз кылгым келет, бирок мурунку келишимдерди кантебиз? Чынында 50 пайыз менен 67 пайыздын ортосундагы акчанын айырмасы көп деле эмес. Үлүшүбүз 50 пайыз болсо жылына 20 миллион доллар аз акча алсак, 67 пайыз болсо казынага 20 миллион доллар көп акча түшөт”,- деп билдирди Сарпашев.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңеш үлүштү 67 пайызга жеткирүү, болбосо келишимден бир тараптуу чыгууну демилгелөөнү өкмөткө тапшырган. “Центерра” менен сүйлөшүүгө барган өкмөт бул тапшырманы аткара алган жок. Биргелешкен ишкана түзүп, үлүштү теңме-тең бөлүүнү сунуштап жатат. Маселе парламентте 5-февралда каралат.