“Кумтөрдө” экологиянын бузулушу боюнча “Центерра” менен Кыргызстанда эле соттошсок болот. Муну бүгүн, 30-январда КТРКдагы түз эфирде парламент депутаты Марат Султанов билдирди. “2009-жылкы келишимде так жазылган. Экология боюнча канадалык тарап менен өзүбүздүн өлкөдө эле соттошсок болот”,- деп билдирди депутат.
Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев экология боюнча буга чейин келтирилген зыяндын ордун “Центерра” төлөп бере турганын айтты. “Ал эми жаңы меморандум кабыл алынып калса башкача болот. Башкача айтканда, мындан кийин экологияга зыян келтирилсе эки тарап биргелешип түзгөн ишкана төлөйт”,- дейт Сарпашев.
Вице-премьер-министрдин айтымында, жаңы ишкана түзүлсө кенди иштетүүнү алгач канадалык тарап колго алат. Ойдогудай башкара албаса башкарууну Кыргызстанга өткөрүп берет. Сыноо мөөнөтү 1 жыл болушу мүмкүн.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңеш үлүштү 67 пайызга жеткирүү, болбосо келишимден бир тараптуу чыгууну демилгелөөнү өкмөткө тапшырган. “Центерра” менен сүйлөшүүгө барган өкмөт бул тапшырманы аткара алган жок. Биргелешкен ишкана түзүп, үлүштү теңме-тең бөлүүнү сунуштап жатат. Маселе парламентте 5-февралда каралат.