Таласта бир ай мурун сууга агып кеткен Тимур уулу Байэлди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу 31-июлда ӨКМдин Таластагы башкармалыгы кабарлады.
Издөө иштерине бүгүн жалпы 900гө жакын адам, анын ичинде Талас облусунун башчысы Эрмат Жумаев, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков жана башка жетекчилер катышууда. Мындан сырткары, 5 дрон тартылды.
Эске салсак, 23-июнда 15 жаштагы өспүрүм Талас дарыясына агып кеткен. Ошол күндөн тартып ӨКМдин куткаруучулары жана тиешелүү кызматтар тарабынан издөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келүүдө. 27-июнда сууга аккан баланы издөө маалында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулу
каза болгон.