Сочи Олимпиадасына Кыргызстандын атынан бара турган жалгыз спортчуга өкмөт башчы 100 миң сом берди

30-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Сочиде өтүүчү Олимпиада оюндарына Кыргызстандан бара турган жалгыз спортчу Дмитрий Трелевскийди кабыл алды. Сатыбалдиев алгач Дмитрий Трелевскийди лицензияга жетишүүсү менен куттуктады.

“Алдыдагы Олимпиада оюндарына укук алууңуздун өзү мактоого татыйт. Ал эми сиздин машыктыруучуңуз, жакындарыңыз жана сиздин ийгиликтериңизге өз салымын кошкон ар бир адам өзүнчө алкышка ээ. Олимпиада оюндарында сизге ийгиликтерди каалайбыз”,- деди премьер-министр.

Өкмөт башчы спортчу Дмитрий Трелевский менен анын жеке машыктыруучусуна премьер-министрдин жеке фондунан 100 миң сом бөлүп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан