Интернет желесинде Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын лидерлери ачкан эл аралык гольф-клубдун асмандан тартылган видеосу тарады.
Гольф-клубдун салтанаттуу ачылыш аземи кечээ, 30-июлда өттү. Ага президент Садыр Жапаров, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.
Ошондой эле, өлкө башчылары расмий протоколдон тышкары, Ысык-Көлдүн жээгинде эркин баарлашып, чогуу сүрөткө түшүп, эс алуу учурунда гольф ойношкон.