Бүгүн, 31-январда "Ата Мекен" жана КСДП фракциялары "Кумтөр" боюнча өкмөттүн жаңы меморандумун карайт

Парламенттеги "Ата Мекен" жана КСДП фракцияларында бүгүн, 31-январда "Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштаган жаңы меморандум каралат. Өткөн аптада "Ата Журт" фракциясы карап колдогон да, четке каккан да эмес. Сунуш пикирлерди эске алуу менен палатага чыгаруу чечимин кабыл алган. Фракция жыйындарына өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү органдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышууда. 

Эскерте кетсек, 2013-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңеш үлүштү 67 пайызга жеткирүү, болбосо келишимден бир тараптуу чыгууну демилгелөөнү өкмөткө тапшырган. “Центерра” менен сүйлөшүүгө барган өкмөт бул тапшырманы аткара алган жок. Биргелешкен ишкана түзүп, үлүштү теңме-тең бөлүүнү сунуштап жатат. Маселе парламентте 5-февралда каралат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан