Жалал-Абадда диний агымдар, терроризм жана экстремизм маселелери боюнча жыйын болуп өттү

 Жалал-Абадда 30-январь күнү диний агымдар, терроризм жана экстремизм маселелери боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда  Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча 10-бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери катышты. Мындан сырткары Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы Самаган Мырзаибраимов жана башка окутуучулар курамы келип, дин агымдары боюнча кенен түшүндүрмө беришти. Милиция кызматкерлери менен суроо-жооп иретинде пикир алышуулар болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан