Биз социалдык тармакта

Агенттик мелдешке бара албай жаткан таэквондочулар боюнча түшүндүрмө берди

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Монголияда өтүп жаткан таэквондо боюнча Азия чемпиондугуна бара албай жатышканын айткан спортчулар боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, аталган Азия чемпиондугуна катышууга даярданып жаткан спортчулар Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү болуп саналбайт.
"Мыйзамга ылайык, мамлекет тарабынан спорттук иш-чараларга каржылык колдоо улуттук курама командаларга көрсөтүлөт. Команданын курамы расмий тандоо жана бекитүү жол-жоболору аркылуу аныкталып, эл аралык расмий мелдештерге катышуусу белгиленген тартипте камсыздалат. Ошол себептен бул мелдешке катышуу улуттук курама команданын катышуусу катары каралбайт жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган эмес",- дешти мекемеден.
Ошондой эле спортчулардын авиабилеттерин уюштуруу үчүн үчүнчү тараптын компаниясы тартылган. Кийинчерээк авиабилеттер талаптагыдай сатылып алынбаганы аныкталып, спортчулардын өз убагында учуп кетүүсүнө тоскоолдук жаралган.
Учурда тиешелүү органдар жана жооптуу тараптар тарабынан бул жагдайды жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, буга чейин өлкө атынан таэквондо боюнча Монголиядагы турнирге катышыга турган команда алданып калганын айтып чыккан. Алар авиабилеттердин жоктугунан уча албай жатышканын билдиришкен. Көп өтпөй таэквондочуларды алдоого шектелип аял киши кармалганы маалымдалды.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан