Парламентте бүгүн, 31-январда “Ата Мекен” фракциясы “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандумун кароону баштады. Жыйынга премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, “Кыргызалтын” ишканасынын өкүлдөрү, эксперттер катышууда.
Жантөрө Сатыбалдиев үлүштү 67 пайызга жеткире алууга мүмкүн болбогонун билдирди.