Түркиянын Түндүк Кипр аралында жаракат алган Кыргыз жараны жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Берилген маалыматка ылайык, жабырлануучунун абалы оор бойдон калууда. Бүгүн, 5-августта кошумча операция жасоо пландаштырылган. 6-августта жабырлануучунун тууганы Түндүк Кипрге барышы мүмкүн.
Бул окуя боюнча өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгон.
Эске салсак, 3-августта Лефкоша шаарындагы супермаркеттердин биринде Кыргыз жараны бычактан жаракат алып, ага операция жасалган.