Түндүк Кипр Түрк Республикасында Кыргыз жаранына кол салуу болуп, ал жаракат алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 3-августта Лефкоша шаарындагы супермаркеттердин биринде болгон. Мекендешибиз бычактан жаракат алып, ага операция жасалган.
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги окуянын жагдайларын тактап, зарыл болгон консулдук-укуктук колдоону камсыз кылууда.
Аталган факт боюнча жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.