Бишкекте жаранды ур-тепкиге алууга шектелип 31 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу борбор калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 5-августта болгон. Шектүү эч себепсиз эле жабырлануучунун денесине жаракат келтирип, кетип калган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, жабырланычууларга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
31 жаштагы киши убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.