Мэр Айтмамат Кадырбаевдин катышуусунда 30-январь күнү Ош шаарынын мэриясынын алдындагы коопсуздукту жана укук тартипти камсыз кылуу боюнча Координациялык кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда мэриянын басма сөз катчысы Гүлзина Аманова билдирди.
УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, улуттук кооопсуздукка терс таарисин тийгизүүчү негизги фактор мамлекет тарабынан диний кырдаалды көзөмөлдөөнүн жетишсиздиги болуп саналат. Жыйындын жүрүшүндө мэриянын өкүлү Турсунай Айтматова "азыркы учурда диний экстремисттик, радикалдуу көз караштагы атуулдардын саны көбөйүүдө" деп кошумчалады. Мындан сырткары Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин жетекчилигинин астында Улуттук коопсуздук боюнча концепция жөнүндөгү жарлыкты ишке ашыруу маселелери каралды.
Тийиштүү жетекчилерге эл арасында диний экстремисттик идеяларга бөгөт коюп, диний агартуунун мыйзамдуу ыкмаларынын негизинде түшүндүрүү иш-чараларын узгүлтүзсүз жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.