Биз социалдык тармакта

Түндө Бишкектеги базарда ири өрт чыкты (видео)

Бишкекте Көк-Сай базарынын ичинде жайгашкан цехтен өрт чыкты. Бул ишканада пластик эшик, терезе жасалчу.

ӨКМ билдиргендей, өрттүн кесепетинен цехтин ичинде турган сырье, ламинат, рейка, балка, атайын эшик терезе даярдоочу станоктор жана эски колдонулган эшик, терезелер күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 6 бөлүм тартылып, тилсиз жоо түндө саат 01:23тө чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда. Кырсыктын себеби такталууда.

Айта кетсек, базар Орозбеков көчөсүндө жайгашкан.

Бишкектеги базарда өрт чыкты 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан