Бишкекте Көк-Сай базарында жайгашкан цехтен чыккан
ири өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралу ӨКМдин калаадагы башкармалыгы кабарлады.
Өрт 6-августта саат 22:48де чыккан. Аны өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм жана штаб тартылган.
Тилсиз жоо бүгүн, 7-августта саат 09:06да толук өчүрүлдү. Кырсыктан жабыркагандар жок.