“Кумтөр” келишиминен бир жактуу чыгуу Кыргызстан үчүн өтө оор болот”- дейт өкмөт башчы

“Кумтөр” келишиминен бир тараптуу чыгуу Кыргызстан үчүн өтө оор болот. Муну бүгүн, 31-январда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев айтты. 

“Кумтөр” боюнча биздин алдыбызда 4 жол бар. Биринчиси – азыркы келишим боюнча ишти улантуу. Экинчиси – үлүштү 67х33 пайызга жеткирүү. Буга биз жетише алган жокпуз. Үчүнчүсү –келишимден бир тараптуу чыгуу. Мунун кесепети Кыргызстан үчүн оор болот. Төртүнчүсү – биз сунуштаган жаңы ишкана түзүү”,- деди Сатыбалдиев.

Өкмөт башчынын айтымында, жаңы меморандум мурдагыларга салыштырмалуу жакшы вариант.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан