2007-жылдан бери Кыргызстандан Түштүк Кореяга 1 713 адам иштегени кеткен. Бул туурасында Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги бүгүн, 31-январда билдирди.
Маалыматка караганда, 7 жыл аралыгында 7 572 адам корей тилин билүү боюнча сынакка катышып, 4 341 адам ийгиликтүү өткөн. Анын ичинен 2 230 адамга эмгек келишими келген. Алардын 1 713ү иштегени Кореяга сапар тартышкан.