АКШда каза тапкан Нуржигит Капарбековдун сөөгүн алып келүүгө кыргызстандыктар акча чогултууда

АКШда каза тапкан кыргызстандык Нуржигит Капарбековдун сөөгүн алып келүүгө мекендештер акча чогултууда. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда алар социалдык тармактар аркылуу жарыялашты. Маалыматка ылайык, 29-январда жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштеген Нуржигит Капарбеков жол кырсыгына кабылып көз жумган. “Жол кырсык Мичиган штатынын Детройт шаарында болду. 24 жаштагы жигит үй-бүлөсүндө жалгыз уул болгон. Учурда Нуржигиттин достору фонд ачып маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүүгө жана акыркы сапарга узатуу зыйнатына 20 миң доллар топтоодо”,- деп жазылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан