“Ата Мекен” фракциясынын жыйыны: Жантөрө Сатыбалдиев менен депутаттардын ортосунда түшүнбөстүк чыкты

“Ата Мекен” фракциясынын 31-январдагы жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен депутаттардын ортосунда түшүнбөстүк чыкты. 

“Жантөрө Сатыбалдиев жакында бизнесмендер менен жолукканда айтты “мен убагында конверт менен акча алчумун” деп. Конверттен акча алуу кылмыш. Урматтуу өкмөт башчы, кимден алчу элеңиз? Бизнесмендерди шылдыңдадыңыз. Эгер “Кумтөр” боюнча канадалык тараптан да конверт алып алган болсоңуз кайтарып бериңиз да, отставкага кетиңиз”,- деди депутат Эркин Алымбеков.

Залдагы айрым катышуучулар кол чаап жиберишти.

Мындан кийин өкмөт башчы кызууланды. Бирок "ушундай сөз айткам" же "айтпагам" деп так жооп бере алган жок. “Урматтуу депутаттар, бул жерде шоу уюштурбагыла. Бул жерде сот иши эмес, фракция жыйыны өтүп жатат. Суроо бергенден кийин жооп берүүгө да убакыт бергиле да. Ар бир сөздөн кармай берсек болчу беле? Эгер ушундай маалыматтар чын болсо, анда Жантөрө Сатыбалдиевди атыш керек да”,- деди премьер-министр.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан