“Кумтөр” боюнча өкмөт сунуштаган жаңы меморандум Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербейт. Муну бүгүн, 31-январда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында депутат Эркин Алымбеков билдирди. Айтымында, жаңы меморандумда алдыга жылуу бар бирок, талапка жооп бербейт.
“Мурда канадалык алдамчылар үйүбүзгө кирип, коюбузду жеп, бизге жугундусун берип келген. Эми алар “кыргыздар жугундуга ыраазы болбой калды, буларга өпкө менен бир кабырга берип коёлу” дешүүдө. Сатыбалдиев мурдагы келишимдер мыйзамсыз экенин айтып, бирок ошондой келишимди өзү алып келип депутаттардын башын айлантып жатат”,- деди депутат.
Жыйында “Кумтөр” боюнча өкмөт сунуштаган жаңы меморандумду талкуулоо жүрүп жатат.