2014-жылдын 29-январында “Манас-аэропорт" көзөмөл-өткөрүү жайында чыр-чатак чыккан абалды жөнгө салуу боюнча атайын окуу жүргүзүлдү. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 31-январда билдирди.
Окутуунун жүрүшүндө документтерди текшерүү учурунда чыккан пикир келишпестиктерде чек арачынын аракеттери тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле өткөрүү бекеттериндеги мыйзам бузуулар катталган абалды жөнгө салууда күзөт курамынын жасаган кадамдары көрсөтүлдү.