Кыргызстанда 2014-жылдын 31-январына карата электр энергиясынын суткалык керектөөсү 62,06 миллион киловатт-саатты түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 4,2 миллион киловатт-саатка көп. Бул туурасында Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эң жогорку керектелген кубаттуулук 2834 мегаватт. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 167 мегаваттка жана белгиленген чектен 54 мегаваттка көп.