Бишкекте активисттер 18 жашка чейинкилердин түнкү клубдарга барышына тыюу салууну сунуштоодо

Бүгүн, 31-январда маалымат жыйында “Чын дилимден” коомдук уюмунун президенти Алмаз Кулматов “Кыргызстандын жаш активисттери спирт ичимдиктерин жана тамекини 18 жашка чыга элек өспүрүмдөргө сатууга каршы” деп билдирди.

Анын айтымында, уюмдун мүчөлөрү жакын арада ушул демилге менен Бишкек шаарында 5 миңге жакын жарнамаларды таратууну максат кылышууда. Алар Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан даярдалган. Активист 18 жашка чыга электерди түнкү клубга киргизбөө сунушун да айтууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан