
Колумбиянын президенти
Абелардо де ла Эсприэлья өлкөдө катуу жер титирөөдөн каза тапкандарга байланыштуу үч күндүк аза күтүү жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басыламалар жазышууда.
12-августтан тарта Колумбиядагы бардык мамлекеттик имараттарда жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө мамлекеттик туу түшүрүлөт.
Эске салсак, 10-августта Колумбияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө
болгон. Табигый кырсыктан каза болгондордун саны 250дөн ашты. 1,6 миңдей адам жабыркап, 220га жакын адам дайынсыз болууда. Ошондой эле 260тай адам урандылардын алдында калышы мүмкүн экени айтылууда.
Жер титирөөдөн кийин кеминде 70 жолу кайрадан силкинүү катталган. Бийлик өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин киргизген.