Колумбиянын борбору Богота шаарында күчтүү жер титирөө болду. Жер титирөөнүн силкинүүсү Венесуэла менен чектеш аймактарда да сезилгенин күбөлөр билдиришкен.
Буга чейин Европалык-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору (EMSC) жер титирөөнүн күчү 6,8 балл болгонун маалымдаган.
Кийинчерээк европалык сейсмологдор жер титирөөнүн магнитудасын 7,4 баллга чейин жогорулатышкан. АКШлык адистер да силкинүүнүн күчүн 7,4 балл деп баалашкан.
Маалыматка ылайык, жер титирөөдөн 12 адам каза болгон.