"Ата Мекен" фракциясынын 31-январдагы жыйынында Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" улутташтырылса миңдеген жаран ишсиз кала турганын айтты. Буга депутат Өмүрбек Текебаев макул эмес. "Башты айлантпаңыз, силер элдин ишсиз калышын эмес, өзүңөрдүн кызматыңарды ойлоп жатасыңар",- деди ал.
Өкмөт башчы: "Мен эч качан кызматымды ойлобойм, Кудай буюрса, ишсиз калбайм. Эркиндигим жөнүндө ойлоном, ошондуктан таза иштегенге аракет кылам. Улутташтыруу колубуздан келет, бирок алардын чыгымын төлөп беришибиз керек болот. Алар канча сумманы айтары белгисиз",- дейт.