Ош шаарына курулуп жаткан эстакада көпүрөсүнүн долбоору коомдук угууга коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда 2014-жылдын бюджетин карап жатып, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов билдирди.
"Бул мезгилге чейин шаар тургундарынын бүйүрүн кызыткан суроо көпүрө болуп келет. Биз да бул көпүрөнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Көпүрө башталдыбы, ал бүтүшү керек. "Бирок кантип?" деген суроого жоопту биз да издеп жатабыз. Туура, көпүрөнүн долбоору бүткөнү менен, анын бюджети жок. Ошондуктан биз аны алгач коомдук угууга коёбуз. Анан тиешелүү адистер менен кеңешип, иштеп чыгып, анын бюджетин табуу жагын карайбыз",- деди Примов.
Эртең, 1-февралда шаар мэри Айтмамат Кадырбаев эстакада көпүрөсүнүн азыркы абалы менен таанышып чыгат.