"Ата журтчу" депутаттар Ахматбек Келдибековду толук сакайгыча ооруканадан чыгарбай турууну талап кылышууда

Парламенттеги “Ата Журт” фракциясы депутат Ахматбек Келдибековду толук сакайгыча ооруканадан которбоону Саламаттыкты сактоо министрлигинен суранат. Мындай чечим фракциянын 31-январдагы жыйынында кабыл алынды. Фракциянын атынан министрликке кат жөнөтүлмөкчү.

Эскерте кетсек, коррупция боюнча айыпталып жаткан Ахматбек Келдибековдун тизесине 13-январда операция жасалып, учурда ооруканада дарыланууда. Операцияга чейин ал №1-СИЗОдо кармалып келген.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан