Кылычбек Шакиров: “Центерранын” бардык акционерлеринин атын билүү кыйын”

“Кумтөр” боюнча “Центерранын” бардык акционерлеринин атын билүүгө мүмкүн эмес. Муну бүгүн, 31-январда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында “Центерра” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Кылычбек Шакиров билдирди. Жыйында депутаттар акцияларга ээлик кылган жеке жактардын аттары эмне үчүн жарыяланбай жатканын сурашкан эле. 

“Юридикалык жактардын аттары бизге белгилүү. Бирок майда акционерлердин аттарын билүү кыйын. Канаданын мыйзамына ылайык, алардын өздөрүнүн макулдугусуз маалымат берилбейт. Алтургай “Центерра” да билбейт майда акционерлердин аттарын”,- деди Шакиров.

Эскерте кетсек, “Ата Мекен” фракциясы бүгүн “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандумун четке какты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан