“Кумтөр” боюнча жаңы биргелешкен ишкана түзүлсө, экология маселеси чечилет. Муну бүгүн, 31-январда КСДП фракциясынын жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.
“Экология боюнча канадалык тарап менен бирге комиссия түзөбүз. Эгер алардын мыйзам бузууларын далилдеп берсек “Центерра” жоопкерчилик тартат”,- деди премьер.
Эскерте кетсек, жыйында “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандуму каралып жатат. Бүгүн “Ата Мекен” фракциясы жаңы макулдашуу долбоорун “Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербейт” деп четке какты.