Биз социалдык тармакта

Америкадагы кыргыздар Мыктыбек Оролбай уулун беттештен кийин жылуу тосуп алышты (видео)

UFC мушкери Мыктыбек Оролбай уулу беттештен кийин Филадельфиядагы кыргыз коомчулугу менен жолугушту. Кыргызстандыктардын атынан мушкер жана анын командасы сыйлуу дасторконго чакырылып, жылуу каалоо-тилектер айтылды.

Ошондой эле Мыктыбекке АКШнын 250 жылдыгына жана Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата элчилик тарабынан чыгарылган эстелик медаль тапшырылды.

"Мыктыбек кыргыздын чыныгы баатыры. Биз сени менен сыймыктанабыз. Эң чоң жеңиштер али алдыда", - деп белгиледи элчи Эдил Байсалов билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, бүгүн, 16-августка караган түнү кыргыз мушкери америкалык Жеремайя Уэллс менен беттешип, жеңилип калды.

Америкадагы кыргыздар Мыктыбек Оролбай уулун беттештен кийин жылуу тосуп алышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан