Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу АКШнын Филадельфия шаарында өткөн UFC 330 турниринде америкалык Жеремайя Уэллс менен беттешти.
Беттештин алгачкы эки раундунда Оролбай уулу активдүү күрөш жүргүзгөн. Бирок үчүнчү раунддун 1:24 мүнөтүндө Уэллс муунтуу ыкмасы менен жеңишке жетти.
Жыйынтыгында Мыктыбек Оролбай уулунун профессионалдык карьерасында 16 жеңиш, 3 жеңилүү жана 1 тең чыгуу болду. Уэллс болсо 14-жеңишине жетти.