"Мисс Кыргызстан – 2024" сынагынын жеңүүчүсү Айпери Нурбекова турмушка чыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.
Анда ал үлпөт тоюнун айрым кадрларын бөлүшкөн. Сулуунун күйөрмандары жаш жубайларга жакшы каалоолорун билдиришүүдө.
Белгилей кетсек, Айпери Нурбекова "Мисс Кыргызстан – 2024" сынагында "Кыргызстан Жер сулуусу" аталышындагы наамды жеңген. Японияда өткөн “Miss International” сынагында улуттук кийим боюнча Топ-10дукка кирген. Конкурска 72 өлкөдөн барган бийкечтер өздөрүнүн улуттук кийимдерин көрсөтүшкөн.