Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 31-январда КСДП фракциясынын жыйынында “Кумтөрдөгү” 17 пайыздык үлүш 2026-жылы Кыргызстандын менчигине өтө турганын айтты. Премьер “Кумтөр” маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына жакында 1 жыл боло турганын кошумчалап, “мындай терең иликтөө Кыргызстандын тарыхында болгон эмес” деди.
Жыйын уланууда, депутаттар “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандумун талкуулоодо.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңеш үлүштү 67 пайызга жеткирүү, болбосо келишимден бир тараптуу чыгууну демилгелөөнү өкмөткө тапшырган. “Центерра” менен сүйлөшүүгө барган өкмөт бул тапшырманы аткара алган жок. Биргелешкен ишкана түзүп, үлүштү теңме-тең бөлүүнү сунуштап жатат. Маселе парламентте 5-февралда каралат.