Кыргызстанга атчан келген кытайлык кыргыз кызы, блогер Ризаа турмушка чыгат. Бул тууралуу 17-августта блогер айымдын сиңдиси Гүлсанат соцтармактагы баракчасына билдирип, видео бөлүштү.
Видеодо Ризаага сөйкө салуу аземинде өткөрүлгөн каада-салттар көрсөтүлгөн. Ошондой эле болочок күйөө баланын жакындары Кыргызстандан келерин кошумчалаган.
Айта кетсек, Ризаа сиңдиси Гүлсанат менен Кытайдан Кыргызстанга атчан келген. Ат менен болгон узак сапар жалпы 20 күнгө созулган.