Кытайдан атчан жолго чыккан этникалык кыргыз кызы Ризаа жана анын сиңдиси бүгүн Кыргызстанга жетет.
Ризаанын айтымында, ат менен болгон узак сапар жалпы 20 күнгө созулган. Бүгүн алар “Торугарт” чек ара бекети аркылуу Кыргызстанга өтүшөт.
Белгилей кетсек, буга чейин Талас облусунан төрт атчан жигит аталган кыздарды “Торугарт” чек ара бекетинен тосуп алууга жолго чыгышкан.