Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Бишкек-Ош унаа жолунда түзүлгөн кырдаал боюнча чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 31-январда билдирди.
Жыйында облустук жана райондук бөлүм башчыларына тапшырмалар берилди. Ошондой эле “Сосновка” жана “Арал” өткөрүү бекеттеринде жылытуучу жайларды уюштуруу жана аба ырайы оңолору менен Бишкек-Ош унаа жолунда кар массасын атайылап түшүрүү иш-чараларын баштоо керек экендиги айтылды.
Эскерте кетсек, кар көчкүдөн улам бүгүн Ош-Бишкек жолу убактылуу жабылды.