“Үлүштү 50х50 пайыздан бөлүүгө “Центерра” шыр эле макул болгон жок”- дейт Жоомарт Оторбаев

“Кумтөрдөгү” үлүштү 50х50 пайыздан бөлүүгө “Центерра” компаниясы дароо эле макул болгон жок. Башында 42 пайыздан ашыра албай койгонбуз”,- деди биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Айта кетсек, бүгүн, 31-январда “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандуму КСДП фракциясында талкууланып жатат.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Центерра” үлүштү 60х40 пайыздан бөлүүнү карманып турушканын, оор сүйлөшүүлөрдөн кийин гана макул болгонун айтты.

Эскерте кетсек, 2013-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңеш үлүштү 67 пайызга жеткирүү, болбосо келишимден бир тараптуу чыгууну демилгелөөнү өкмөткө тапшырган. “Центерра” менен сүйлөшүүгө барган өкмөт бул тапшырманы аткара алган жок. Биргелешкен ишкана түзүп, үлүштү теңме-тең бөлүүнү сунуштап жатат. Маселе парламентте 5-февралда каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан