2014-жылдын 30-31-январында Бишкекте кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Ага эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Токон Мамытов менен Муродали Алимордан катышты. Эки күндүк сүйлөшүүнүн жыйынтыгында чек арадагы аскердик күчтөрдү алып кетүү тууралуу макулдашылды. Бул туурасында КРнын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 31-январда билдирди.
Маалыматка караганда, жыйында 11-январда эки өлкөнүн чек арачылары ортосунда болгон атышуу, андан кийинки абалды жөнгө салуу маселелери каралган.
Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери боюнча мамлекеттик жумушчу топтун ишин жандантуу жана чек ара маселеси боюнча кийинки жолугушууну февраль айында уюштуруу чечими кабыл алынды.