Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Жооп: - Базалык жөлөк пул 250 сомду түзөт. КРнын 1998-жылкы “Калкты жумуш менен камсыз кылуу” мыйзамы боюнча, жөлөк пулду 1996-2005-жылдары иштеген жана Элди жумуш менен камсыз кылуу фондуна акча каражаттарын которуп турган гана жарандар ала алышат. Бирок 2005-жылы фонд жабылып калгандыктан, каражат которуулар токтоп калган. Ошондуктан 2005-жылдан кийин иштеген жаштар ал
жөлөк пулду ала алышпайт.